• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Футзал боюнча курама команда Грузия менен боло турган беттешке даярдыкты баштады

Спорт 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Грузиянын командасы менен боло турган жолдоштук беттешке даярдыкты баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-19-декабрга чейин Чолпон-Ата шаарында Азия кубогунун тандоо этабына даярдык көрүү максатында футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын окуу-машыгуу жыйыны өтөт.

Башкы машыктыруучу Амиржан Мукановдун карамагында 12 талаа оюнчусу жана үч дарбазачы бар.

Окуу-машыгуу жыйыны аяктагандан кийин команда Тбилиси шаарына барып, Грузиянын курама командасы менен эки жолу жолдоштук беттеш өткөрөт.

Улуттук кураманын оюнчулар:

Дарбазачылар: Кирилл Ермолов (Steelex клубу), Улукбек Абдылдаев ("Дордой"), Бекболот Акматалиев ("Мурас").

Талаа оюнчулары: Аман Андабеков, Данияр Талайбеков ("Дордой"), Азат Исабеков, Азамат Исабеков ("Мурас"), Шохрух Махмадаминов (“Новая Генерация”, Россия), Кайрат Кубанычов, Максат Алимов, Абдурахим Данияр уулу, Айдар Абдыжалил уулу, Мухамед Аскарбеков (Steelex), Элбек Иманалиев, Нурсултан Абдылдаев (“Фарватер-Аман”).

Пикир

Оставить комментарий