• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Гапыр Мадаминов билим берүү министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Билим 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өлкөгө эмгек сиңирген мугалим, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Гапыр Мадаминов мектеп, ата-эне, бала байланышынын маанилүүгүнө токтолуп, директорлор мектебин жана креативдүү мугалимдер кеңешин түзүү зарылдыгын белгиледи.

Министр билимдүү коом үчүн жан үрөгөн, тажрыйбага мол агартуучулар менен иштештүүгө, кеңешин угууга даяр экендигин айтып, Гапыр Мадаминовду коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындады.

Пикир

Оставить комментарий