• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Голландиядагы үй-бүлө 9 жыл бою үйүнүн жер төлөөсүндө кыямат күндү күтүп жашап келген

Дүйнө 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Голландиянын полиция кызматы кеминде 9 жыл бою үйүнүн жер төлөөсүндө кыямат күндү күтүп жашап келген үй-бүлөнү таап алды. Алар тууралуу үй-бүлөнүн улуу баласы жергиликтүү спирт ичимдиктерин ичүүчү жайга келгенде гана билинген. Бул тууралуу ВВС кызматы билдирди.

Нидерландиянын түндүк-чыгышындагы Дренте провинциясында 58 жаштагы эркек киши 16-25 жаштагы алты баласы менен толук обочолонгон үйдө жашап келген. Үй-бүлөнүн улуу баласы үйдөн чыгып спирт ичимдиктерин ичүүчү жайга келип, жардам сурагандан кийин аларды таап алган.

Жигиттин тышкы келбети жана анын жүрүм-туруму аталган жайдын ээси Крис Вестербекти тынчсыздандырган.

"Ал 5 кружка сыра алып, баарын ичип алды. Аны сөзгө тартканда, үйдөн качып чыкканын жана ага жардам керек экенин айтты. Биз дароо полиция кызматына чалдык", - деп Вестербек RTV телеканалына билдирди.

Крис Вестербек менен маек курган жигит мектепте такыр окубаганын жана чач тарачка 9 жыл бою барбаганын айткан.

"Анын чачы узун, сакалыны кирдеп кеткен жана кийимдери да эски болчу. Эмне болуп жатканын түшүнбөгөндөй өзүн алып жүргөн. Ал мага кичүү инилери менен карындаштары менен обочолонгон жерде жашаганын айтып, ал жерден кетүүсү керектигин билдирген", - дейт спирт ичимдиктерин ичүүчү жайдын жетекчиси.

Жигиттин артынан барган полиция кызматы ал үйдү таап алган. Үйдүн ичиндеги конок бөлмөдөгү шкафтын артында жер төлөөгө бара турган тепкич бар экени аныкталган.

Үй 3 миңдей адам жашаган Рюнерволд айылынан алыс эмес жерде орун алган. Бирок, бир катар бийик бактар өскөндүктөн ал үй даана көрүнчү эмес.

Жергиликтүү басылманын журналисти өзүнүн твиттер баракчасына үй-бүлө кыямат күнүн күтүп жашат жатканын жазып чыккан.

Дренде провинциясынын полиция кызматы, 58 жаштагы үйдүн ээси тергөөчүлөр менен кызматташуудан баш тарткандыктан камакка алынганын айтат.

Пикир

Оставить комментарий