• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кике Сетьен "Барселона" клубунун жаңы машыктыруучусу болду

Спорт 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Испаниялык адис Кике Сетьен "Барселона" клубунун жаңы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган команданын маалымат кызматы билдирди.

"Барселона" клубу менен жаңы машыктыруучунун келишими 2022-жылдын жай айына чейин түзүлдү.

"Кийинки шейшемби күнү "Барселона" клубунун стадионунда келишимге кол коюу аземи өтөт. Андан кийин сүрөткө түшүү жана маалымат жыйын өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Сетьен "Барселона" клубуна чейин "Бетис", "Расинг", "Полидепортиво", "Логроньес", "Луго" жана "Лас-Пальмас" командаларын машыктырган.

Эскерте кетсек, буга чейин "Барселона" клубу өзүнүн башкы машыктыруучусу Эрнесто Вальверденин эмгек келишимин жокко чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий