• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Китепканалар акырындап маалымат жана эс алуучу борборго айланып бара жатат – Султангазиева

Билим 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Китепканалар бара-бара маалымат жана эс алуучу борборго айланып бара жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынынын директору Роза Султангазиева билдирди.

“Пандемияга чейин биздин китепканага күнүнө 1,5 миңге жакын бала келчү. Биз буга ишене албай жүрдүк, бирок жаш китеп окурмандар жана алардын окуу маданиятына болгон кызыгуусу акырындап өсүп келе жатат. Азыр пандемияга байланыштуу китепканага күнүнө 500-600 бала келүүдө. Беш-алты жыл мурда окурмандарды китепканага тартуу кыйын болчу. Бул китеп окууга болгон кызыгуу өсүп жатканынан кабар берет. Китепканалар маалымат жана эс алуучу жайга айланып бара жатат”,-деди ал.

Султангазиева азыр балдар жомокторду азыраак окуп, балдарды өнүктүрүүчү адабияттар, энциклопедиялар, заманбап прозалар көп окуларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий