• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ: Өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Ага ылайык, 2020-жылдын 13-апрель күнү өлкө боюнча 442 100 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды, өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 58 мобилдик турак-үй орноштурулган.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө (меню алмаштырылып турат).

“112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 8052 чалуу катталып, анын ичинен 758 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 139 куткаруучу жана 12 унаа тартылган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий