• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

KOICA Чүйдө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо боюнча комплекс курууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда бул уюмдун адистери Кыргызстандын айыл чарба тармагында кошумча нарк чынжырчасын бекемдөө боюнча долбоорго активдүү катышып жатышат. Алардын максаты айыл чарба продукциясын көзөмөлдөө тутумун түзүүнү колдоо, ошондой эле анын сакталышын жана кымбат баада сатылышын камсыз кылуу болуп саналат.

Кореялык эксперттер айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо боюнча комплекс куруу пландалып жатканын билдиришти. Ушуга байланыштуу бул долбоор үчүн жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчү айтылды.

Ыйгарым укуктуу өкүл инвесторлорду кунт коюп угуп, бул долбоорго кыска мөөнөттө жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдугун билдирди. Ал ошондой эле зарыл болгон юридикалык документтерди тариздөөгө жардам берүүгө даяр экендигин ырастап, облус үчүн маанилүү болгон бул объекттин курулушун ушул жылы баштоону суранды.

Пикир

Оставить комментарий