• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы жумада сасык тумоонун 4,5 миң жана коронавирустун 1 учуру катталды

Ден соолук 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы жумада КРВИ жана сасык тумоонун 4 миң 576 учуру катталды, бул мурунку жумага салыштырмалуу 30,4%га аз.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, ооругандардын ичинен 71,7%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрь айынан тарта 1834 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

“Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 32,4%, респиратордук-синцитиалдык вирус 25,2%, парагрипп 17% жана башка вирустар 25,4% түзөт", - деп айтылат маалыматта.

COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүү уланууда, акыркы жумада Ошто бир учур катталган.

Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

Пикир

Оставить комментарий