• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз цирки майрамга карата балдар үчүн жомок-спектаклин койду

Маданият 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки балдар үчүн “Сулуу кыз жана желмогуз” жомок-спектаклин койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Жомоктун меймандары болуп кичинекей бөбөктөр чакырылды.

Жомоктун башында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов бөбөктөрдү майрамы менен куттуктап, сабактарды жалаң “беш” деген баага окууга, ата-мекенди жана китепти сүйүүгө чакырып, бекем ден соолук каалады. Министр өз сөзүндө майрамдын урматына Кыргыз мамлекеттик цирки спектаклди белек катары акысыз негизде коюп жатканын айтып, көңүлдүү маанай каалап өттү.

Атайын чакыруу менен келген бөбөктөр мындай майрамдык маанай тартуулаган уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Эске салсак, аталган майрамдык күндүн урматына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркине алты айлык мөөнөттө жаңы форматтагы спектакль-жомок иштеп чыгуу боюнча тапшырма койгон.

Пикир

Оставить комментарий