• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда COVID-19ду аныктоочу лабораториялардын саны 15ке жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 12.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Коронавирус жаңы тарап жатканда Кыргызстанда аталган илдетти жарандардан аныктоочу 2-3 гана лаборатория болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

“Акыркы күндөрү анын саны өсүп, биз 10 мамлекеттик лаборатория курдук. Анын ичинен аймактардагы жети лаборатория ушул жылы ишке берилет. Бүгүнкү күндө коронавирусту адамдардан аныктоочу жети лаборатория толук кандуу иш алып барууда. Жалпы жонунан алардын саны 15ке жетти”, - дейт ал.

Министрдин орун басары 2021-жылдан баштап коронавирустун штаммын (түрүн) аныктоочу секвенирлөө процесси башталганына токтолду.

“Буга чейин жаңы штаммды аныктоо үчүн Европа өлкөлөрүнө, Россияга анализдерди жиберип, айлап күтчүбүз. Азыр лаборатория жана андагы адистер даярдалып, иштөөдө”, - деди Арыкбаева.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 4-октябрдан 10-октябрга чейин COVID-19дун 90 жаңы учуру аныкталды. Ал эми 2022-жылдын тогуз ай жана сегиз күнүндө COVID-19дун 21 миң 502 учуру катталды.

Пикир

Оставить комментарий