• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык эки окуучу Азия-Тынч океан олимпиадасында медалдарга ээ болушту

Билим 0

Бишкек, 26.06.22. /Кабар/. Кыргызстандык эки окуучу Азия-Тынч океан 34-олимпиадасында эки коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Били берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын бири № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу Фёдор Корнияш. Мугалими - №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин математика мугалими Мамат Ишматов.

Экинчиси Тилек Аскербеков, Чыңгыз Айтматов атындагы "Сапат" лицейинин 11-классынын окуучусу. Мугалими - Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров.

Кыргызстандык окуучулар математика боюнча Азия-Тынч океан олимпиадасына 2009-жылдан бери катышып келишет. Бул жылдар аралыгында Кыргызстандын курама командасы 9 коло медалга ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий