• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Ош облусунан Баткенге 60 тонна гумжардам жөнөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Ош облусу жана райондорунан Баткен облусуна 60 тонна, же 3 млн сомдук гуманитардык жардам жөнөтүлдү, мунун жарымы ишкерлерден жана тургундардан чогултулган. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокат райондук жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркагандарга 1 млн 565 миң 921 сомдук гумжардам жөнөтүлдү.

Облустагы баардык район борборлорунда (администрация) боз үйлөр тигилип, жарандардан келген жардамдар кабыл алынууда.

Аймактагы тургундар тарабынан чогултулган гумжардам маал-маалы менен Баткен облусуна жиберилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий