• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош облусунда оор кылмышка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.03.18 /Кабар/. 2018-жылдын 25-февраль күнү болжол менен саат 16:30 чамаларында Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн 1964-жылы туулган Н.Х. аттуу жашоочусу белгисиз адамдар тарабынан өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүп, маркумдун жансыз денеси үйүнүн бөлмөсүндө табылган.

Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, үйдүн жанынан далил буюм катары кандын тактары бар балка табылган. Маркумдун денесиндеги жаракаттарды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу максатында башкармалыктын тажрыйбалуу кызматкерлеринин арасынан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жана алынган маалыматка ылайык Ош ОИИБнин жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан маркум менен Россия Федерациясында бирге иштеп жүргөн Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Х. уулу Б. аттуу тургуну изин жашырып жүргөн жеринен кармалган. Шектүү өз көрсөтмөсүндө мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого досторун үгүттөп, А. жана У. аттуу достору менен 2018-жылдын 25-февралга караган түнү маркумдун үйүнө барып, үйдүн арткы тарабындагы дубал аркылуу өтүшүп, темир труба жана балканы алып, үйгө киришип, уктап жаткан Н.Х. аттуу жабырлануучуну 3-4 жолу труба жана балка менен уруп, папкада сакталып турган документтерди жана акчаны алып үйдөн чыккан соң, издерин жашырып качып кетишкен. Маркумдун үйүнөн алган акчаны ар бири 92 000 сомдон бөлүп алышып элдерден топтолгон Кыргызстандын жалпы жарандык 22 даана паспортун өрттөп жиберишкен.

Кылмышка шектүүнүн шериктеринин бири ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ош шаарындагы чайханалардын биринде иштеп жаткан жеринен кармалган. Үчүнчү шектүү Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган Б. У. аттуу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан Ош шаарына карай келе жатканда шаардын кире беришиндеги тосмо пунктунан автоунаада келе жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Учурда шектүү катары кармалган 3 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Иликтөө учурунда маркум Россия Федерациясына жарандарды жумушка алып барып иштетип жүргөн. Окуя болгонго чейин 22 жаранды Россияга жумушка орнотом деп самолетко билет алууга ар биринен 12 000 сомдон паспорттору менен топтогондугу аныкталган. Жалпысынан топтолгон 276 000 сом акчаны алуу үчүн кылмышка шектүүлөр маркумдун жанын кыюуга барышкан.

Пикир

Оставить комментарий