• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунун башчысы алыскы айылдарда жашоочулардын көйгөйлөрүн угууда

Аймак 0

Бишкек, 17.02.23./Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов алыскы айылдардын тургундары менен жолугушууларды баштады. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкачкысы 16-февралда Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Шар айылында өттү.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар айылдагы сугат суу, жарык, жер тилкеси, чек, жол, бала бакча жана социалдык объектилердин курулушу сыяктуу көйгөйлүү маселелерин айтышты.

Зиядин Жамалдинов жарандарды түйшөлткөн маселелерди угуп, жыйынга катышкан облустук жана райондук мекемелердин жетекчилерине тапшырмаларды берип, алыскы айыл жашоочуларынын көйгөйлөрүн чечүү иштери жүргүзүлөөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, өкүл Зиядин Жамалдинов Ош облусунун башка алыскы айылдарынын тургундары менен да жолугушууларды өткөрөт .

Пикир

Оставить комментарий