• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто “Адам жаны аманат” аталышында рейд өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунда "Адам жаны аманат", "Беткап тагыңыз!" аталышындагы рейд өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейдге мобилдик топтун мүчөлөрү, МАБ кызматкерлери, аймактык милициянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, “Ош шаарсууканал” ишканасынын кызматкерлери, кварталдык комитет төрагалары жана башкалар катышууда.

Рейддин жүрүшүндө Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалык тарабынан 2 миңге жакын беткап акысыз таратылды. Ошондой эле эскертүү баракчалары берилип, соода түйүндөрүнө жана коомдук транспортторго түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий