• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президенттин кеңешчиси Нью-Йоркто тартылган сүрөтүнө түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Президенттин кеңешчиси Эрнис Ашырбаев Нью-Йоркто тартылган сүрөткө түшүндүрмө берди.

Эскерте кетсек, соцтармакта президенттин кеңешчисинин Нью-Йоркто тартылган сүрөтү жарыяланып, интернет колдонуучулар арасында “Кыргызстан кайгыга батып турган маалда дүкөн кыдырып, сүрөткө түшүп жүрүшөт” деген талкуулар болгон.

Президенттин жардамчысы Эрнис Ашырбаев өз каражатына АКШга барганын жазат.

“Урматтуу достор, менин сүрөтүм талкууга алынып жатыптыр. Анда “Мамлекеттин акчасына талтаңдап Америкада жүрөт” деген каралоо кошумчаланган. Мен жеке иштериме байланыштуу, өз каражатым менен келип Америкада жүрөм, өлкө башчыбыздын иш-сапарына тиешем жок. Азыр мүмкүнчүлүктөр кенен, “Манас” аэропортунан деле кимдин кайсы мезгилде учуп кеткенин оңой эле тактап алса болот.

Туугандар, Нью-Йоркко биринчи жолу келдим, адам таасирленет экен, жаңылыктарды көрүп сүрөткө түшкүсү келет. Ал жактагы карындашым, студент курбу-достору менен мени тосуп алган, анан алар менен сүрөткө түшүп койдум. Менин ордумда сиздер деле сүрөткө түшөт элеңиздер. Сүрөткө түшүп койгонум сиздерге абдан жагымсыз болуп, эмоцияңыздарга терс таасир берип жатсам, анда кечирим сурайм”, - деп жазат Ашырбаев.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров учурда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарында (АКШ) жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий