• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Министрлик: Баткенге кырдаалга жараша кошумча дарыгерлер жиберилет

Ден соолук 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга жараша Бишкектен жана башка аймактардан кошумча дарыгерлерди жиберүү маселеси каралып, чогултуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар керек болсо дароо атайын борт менен жөнөтүлмөкчү.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда буга чейин эки аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм) жабыркаганы айтылган. Бүгүн, 16-сентябрда төрт жоокер жана 18 жабыркаган жаран бар экени маалым болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тажик тараптын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракетине байланыштуу нааразычылык нотасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий