• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги сууктан улам балдарды онлайн окууга жөнөтүүнү сунуштады

Билим 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлигине алдыда күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу балдарды онлайн окууга жөнөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, синоптиктер Кыргызстанда 11-январдан тарта абанын температурасы кескин төмөндөй тургандыгын эскертишкен.

Эске салсак, сасык тумоонун күч алышынан улам балдар 2022-жылдын 14-28-декабрына чейин аралыктан окууга өтүшкөн. Ал эми 30-декабрдан 10-январга чейин кышкы каникулда тарашкан, 11-январдан тарта бардык мектептерде окуу кадимки режимде башталышы керек.

Пикир

Оставить комментарий