Бишкек, 29-март /Кабар/. Республикалык бюджеттен Кыргызстандын соттук-медициналык кызматынын учурдагы маселелерин чечүүгө каралган каражаттар бөлүнө баштады. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 2017-жылдын январынан тартып, өзгөчө оор жана кооптуу шарттарда иштеген кызматтын кызматкерлеринин эмгек акысына 30-50% кошумча акча каралган, ошондой эле, кошумча төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү чаралары каралууда.
Министрлик билдиргендей, республиканын соттук-медициналык кызматынын кейиштүү абалы тууралуу ССМда, КР өкмөтүндө талкууланып, ЖМКларда чагылдырылып келген.
Учурда Республикалык бюджеттен органдын керектөөлөрүнө каражат бөлүндү. Ал оңдоо иштерине, дары-дармектерди алууга жумшалат.
Пикир
Оставить комментарий