• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында СССР эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев атындагы эс алуу багы курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жайда жашылдандыруу жумушу өтүп, ага КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы Турусбек Ногоев жана Төлөйкөн айылынын тургундары катышып, 250 даана бак тигишти.

Ошондой эле Гапар Айтиев атындагы эс алуу багынын эскиздик долбоору жана Г.Айтиевдин музейи менен таанышуу болду. Ош облусунун башчысы быйыл СССР эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар жүрүп жатканын билдирди.

“Кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири. СССР эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгын белгилөө Министрлер Кабинети бекиткен атайын иш план аркылуу жүргүзүлөт. Албетте мааракени той аш менен өткөрүп, ысырапкерчилике жол берилбей, пайдалуу жумуштар жүргүзүлөт”, - деди Зиядин Жамалдинов.

Маалымат үчүн: Гапар Айтиев 1912-жылдын 28-сентябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында туулган. Кыргыз тарыхында эң алгачкы профессионалдык сүрөтчү катары таанымал. Андыктан анын эң негизги тармагы пейзаж болуп саналат. Анын пейзаж сүрөттөрү жана этюддары, өзүнүн түстүү өзгөчөлүктөрү менен, жана сүрөтчүнүн ой-толгоосу менен сезимдерин бириктирип, кыргыз табигатынын зор эпикалык мүнөзүн жеткирген.

Пикир

Оставить комментарий