• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

УКМК: Чет элдик жарандарды КРнын аймагы аркылуу транзиттик жол менен өткөргөн канал аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын аймагы аркылуу транзиттик жол менен чет элдик жарандарды ташыган каналдар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын ИИБ жана бажы кызматынын кызматкерлери кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуу фактылары жана чет элдиктерди Кыргызстандын аймагы аркылуу транзиттик түрдө өткөрүү каналы табылган.

2019-жылдын март айында «Манас-аэропорту» көзөмөл-өткөрмө пунктунун кызматкери, Мамлекеттик чек ара кызматынын прапорщиги «М.Д.» Иран мамлекетинин 6 жаранынын паспортун тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын базасына мыйзамсыз каттап, 900 АКШ доллар өлчөмүндө акча алып, алардын документтерине КР аймагына киргендиги тууралуу жасалма мөөр басып берген.

КРнын Аскер прокуратурасы бул ишти Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий