• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМКнын кызматкери жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпионатында 1-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпионатында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчилик 2023-жылдын 2-10-ноябрында Абу-Даби шаарында (БАЭ) өттү. Профессионалдык жиу-житсу боюнча бул чемпионатка 127 өлкөдөн 7 миңдей спортчу катышты.

УКМКнын 9-кызматынын кызматкери чебер эркектер арасындагы күрөң кур номинациясында 77 кг салмакта 1-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий