• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абад облусунда 2022-жылы аткарылуучу иш пландар талкууланууда

Аймак 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте бир катар министрликтер жана ведомстволордун башчылары менен 2022-жылга карата Жалал-Абад облусунда аткарылуучу иш пландар талкууланып жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баш болгон район акимдери жана шаар мэрлери катышууда.

Жолугушууда аймактардагы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык жана башка багыттагы маселелер талкууланып, аткарылуучу ишер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Жолугушуулар алдыдагы күндөрү да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий