• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Жалал-Абадда көк бөрү боюнча республикалык чемпионаттын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Сузак районунун "Телтору" ат майданында өтүп жаткан мелдеште өлкөнүн жети дубанынан келген 35 команда ат салышууда. Турнир милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-май - Жеңиш күнүнө карата өткөрүлүүдө.

Ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, Молдомуса Конгантиевдин агасы Камбаралы Конгантиев, жергиликтүү бийлик жана 3 миңге жакын көк бөрү оюнун сүйүүчүлөрү катышты.

Камчыбек Ташиев байгеге УКМКнын өздүк курамынын атынан 1 млн сом берип, Жалал-Абад облустук милициясына автоунаа тапшырды. Мелдеш 2-майда башталган, 9-майга чейин уланат.

Эске салсак, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев көзү тирүү кезинде Улуттук көк бөрү федерациясын жетектеп турган.

Пикир

Оставить комментарий