• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жарым жылда Кыргызстандагы музейлерге 374 миңге жакын көрүүчү барган

Маданият 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. 2023-жылдын 6 айында Кыргызстандагы музейлерге 373 миң 998 жаран барган. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, музейлерде жалпы 223 көргөзмө уюштурулган.

"Кыргызстандын музей фонду көбөйүүдө. Жарым жыл ичинде ар кандай багыттагы 212 музей буюму менен толукталды. 2023- жылдын жарым жыл ичинде 48 музей буюму калыбына (реставрация) келтирилди. 212 ар кандай багыттагы жаңы музей буюму менен толукталып, заман талабына ылайык, 3 миң 800 музей буюму санариптештирилди", - деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон кошумчалашкандай, негизги фонд 167 миң 789, ал көмөкчү фонд 102 миң 876 түздү.

Пикир

Оставить комментарий