• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Европа жана АКШда жумушка орноштуруу үчүн паспорт жасалмалаган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлөргө мыйзамсыз миграциясын уюштурган каналын аныкташты.

Министрликтен билдиришкендей, 2020-жылдын декабрь айында жумуш менен камсыз кылган “PEACE” ЖЧКсы белгилүү бир суммага Европа өлкөлөрүнүн паспортторун жасалмалоо аркылуу Европада жана Америка Кошмо Штаттарында жарандарды жумушка орноштуруу боюнча кызматын мыйзамсыз көрсөтүп келген. Аталган жасалма паспортторду колдонгон жарандар Украинанын чек ара кызматы тарабынан кармалып, Кыргызстанга жиберилген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жашырынып жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон Ж.У. аттуу жаран кармалды.

Учурда кармалган адам Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилди. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бельгиянын, Франциянын, Нидерландиянын, Испаниянын жана Грециянын жасалма паспорттору, компьютердик техникалар жана кеңсе техникалары табылып алынды. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо үчүн жабыр тарткан жарандардан ИИМге телефон аркылуу кайрылууну суранабыз: (0312) 26-61-70, (0312) 26-61 -65, 0700 84-84-40, 0703 55- 81-25.

Пикир

Оставить комментарий