• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жети-Өгүздө мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Жети-Өгүз районуна караштуу Кирпичный айылында көл жээгинен мыйзамсыз балык уулап жаткандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан Кызыл-Суу айылынын 38 жаштагы Б.А. жана 44 жаштагы К.А. аттуу тургундары кармалган.

Далил катары 10 даана сига, 11 даана форель, 20 даана чабак жана эки даана судак балыгы, 70 метр кытай синтетикалык тор жана бир моторлуу жел кайык алынып, Жети-Өгүз райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин (“Балык же суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда иликтөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий