• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жоламан Шаршенбеков Азия биринчилигинин жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Грек-рим күрөшүнүн балбаны (60 кг) Жоламан Шаршенбеков Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинин жарым финалына чыкты.

Ал чейрек финалда монголиялык балбан Даваабанди Мункх Эрдене менен күрөшүп, биринчи бөлүктө эле атаандашын 10:0 эсебинде утуп алды.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт.

Учурда Кыргызстанды эсебинде 1 күмүш, 2 коло медаль бар.

Пикир

Оставить комментарий