• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аймактарга каттаган коомдук транспорт текшерилип, 135 миң сомго айып салынды

Коом 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Бишкектен аймактарга каттаган коомдук транспорт текшерилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Бишкектен Бостери, Каракол, Чолпон-Ата, Ананьево, Нарын, жана башка аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдү ташыган машурттук унааларды текшерүүгө алды.

Текшерүү учурунда каттамга чыгарда мурда наркология бөлүмүнөн жана техникалык көзөмөлдөн өтүүсү, ошондой эле коомдук унаанын санитардык абалы талаптарга ылайык келүүсү каралып, техникалык жактан кемчиликтер, мыйзамсыз орнотуп алган кошумча жабдыктар өңдүү укук бузуулар аныкталды.

Укук бузуулар кодексинин негизинде 25 протокол толтурулуп, жалпы сумамасы 135 миң сомго айып салынды.

Кайгуул кызматы тарабынан рейддик иш-чаралар мындан ары да уланат.

Пикир

Оставить комментарий