• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аксы районунда мектеп окуучусу бычак жеп каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 18 жаштагы өспүрүм бычак жеп каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Каргашалуу окуя 31-мартта болгон.

Милицияга болжол менен саат 20:30да Аксы райондук ооруканасынан чалуу түшүп, анда ооруканага бычактан жараат алып өспүрүм түшкөндүгү тууралуу кабарланган.

Аталган факт Аксы РИИБдин МЭЖсине “Бейбаштык” фактысы менен катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Жерине ыкчам-тергөө топ барып, окуяга шектүү делген М.Д. аттуу жаранга таандык бычак табылган.

Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган: "2024-жылдын 31-мартында саат 16:30 чамасында Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну, 11-класстын окуучусу 2006-жылы туулган К.М. айылда чач-тарачканага чачын алдырганы келип, кезекти сураган. Ошол эле айылдын тургуну 9-класстын окуучусу, 2008-жылы туулган М.Д. да кезек күтүп туруп, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик орун алган.

Экөө сыртка чыгып, ал жерде М.К. шектүү делген Д.М. уруп жибергенде башы дубалга тийип жерге кулап түшкөндүгү жана ал туруп баратып өзү жанына салып жүргөн чөнтөгүндөгү маки бычагы менен М.К. сол бутунун санына жана он бет тарабына сайып жибергендиги такталган"

Натыйжада К.М. алган жараатынан улам Аксы райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, ал эми М.Д. райондук оорукананын сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылган.

31-мартта болжол менен саат 21:50дө К.М. алган жараатынан улам Аксы райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Аталган факты боюнча учурда Аксы РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий