• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

“Ала-Тоо” аянтында Бишкек гарнизонунун аскерлеринин салтанаттуу жүрүшү өттү

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта “Ала-Тоо” аянтында мамлекеттик туу күнүнүн 30 жылдыгына арналган президент - Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусу менен Бишкек гарнизонунун аскерлеринин салтанаттуу жүрүшү өттү.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Бишкек гарнизонунун башкаруу органдарынын, кошуундарынын жана бөлүктөрүнүн, Коргоо министрлигинин, Башкы штабдын, Аскер институтунун, Улуттук гвардиянын, 73809 жана 52806 аскер бөлүктөрүнүн, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, ЖАМКтын кайтаруу жана күзөт департаментинин, ички аскерлердин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин жана ИИМ Академиясынын өздүк курамынан турган параддык эсептер катышты.

Бишкек гарнизонунун аскерлерин Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев башкарды.

Салтанаттуу жүрүш менен өтүү боюнча жалпы гарнизондук парадка машыгуулар коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартовдун жетекчилиги алдында 24, 26 жана 28-февраль күндөрү 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий