• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Антикоррупциялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьера-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Өкмөткө караштуу Антикоррупциялык кеңештин жаңы курамдагы жыйыны өттү.

Жыйынга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты.

Премьер-министр белгилегендей, Антикоррупциялык кеңеш жарандар жана бизнес ак ниет менен иштебеген мамлекеттик кызматкерлер тараптан, ашыкча жөнгө салуучу тоскоолдуктардан жана айрым мыйзам актыларынын кемчилдиктеринен сезген көйгөйлөрдүн белгилерин талкуулоо боюнча түз диалог үчүн туруктуу иштеген аянтча болушу керек. Ошондой эле бул кеңеш көрсөтүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жакшы аянт катары кызмат өтөйт.

Өкмөт башчы жакынкы келечекте биргелешкен иштердин жыйынтыгы коррупциялык механизмдерди түп-тамырынан кыркуу жана жол бербөөнүн жаңы каражаттарын түзүү үчүн, ошондой эле учурдагыларынын натыйжалуулугун арттыруу үчүн негиз болот.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, республиканын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган максаттарды жана милдеттерди, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин «сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы көррупция менен күрөшүү боюнча», «өлкөнү санариптик өнүктүрүү боюнча» чечимдерин ишке ашыруу үчүн максаттуу иштерди жүргүзөт.

Анын айтымында, бардык тармактарда жана ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн себебин жана шарттарын жоюу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу Кыргыз Республикасын 2018-2022-жылдарга карата өнүктүрүүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасында аныкталган Өкмөттүн ишинин негизги артыкчылыктары болуп саналат.

Премьер-министр сөзүндө улагандай, белгиленген иштердин алкагында Өкмөт тарабынан «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы ишке ашты, адамдын жүзүн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулду. Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан тилкелерде жол кырсыктарынын 46,9 % азаюусу байкалууда. Тактап айтканда, 2018-жылы каттоого түшкөн 81 жол кырсыгына салыштырганда 43 учур катталган. Ошондой эле жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 51,8% кыскарган же 2018-жылы жол кырсыгына кабылган 108 адамга салыштырмалуу 52 жаран учураган.

Чүй облусу боюнча дагы ушундай эле жагдай. Мында жол кырсыктарынын жана жараат алгандардын санынын кыскаруусу байкалат. Тагыраагы, 2018-жылдагы 4 авария жана 6 жабырлануучуга каршы 2 жол кырсыгы жана 3 жабырлануучу.

«Ушунун негизинде бул тилкелерде авариялуулук азайып жана жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын саны реалдуу түрдө гана кыскарбастан, коррупциянын алдын алуу, унаалардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын уюштуруунун жакшырышы орун алды деп эсептейбиз. Учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүүдө. Ал республиканын бардык 7 облусунун, республикалык маанидеги 2 шаардын, 15 облустук жана райондук маанидеги шаардын, өлкөнүн 73 калктуу пунктунун аймагын камтышы керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле өлкөнү санариптештирүү боюнча иштер жүрүп жатканын, анын негизинде «Түндүк» мекемелер аралык өз ара аракеттенүү системасына 66 мамлекеттик орган кошулганын, 74 маалымат базасы иштелип чыкканын жана 24 мамлекеттик органдын бири-бири менен маалымат алмашуусу камсыздалганын билдирди. Мындан тышкары электрондук кызмат көрсөтүү мамлекеттик порталы ишке кирди, 37 мамлекеттик кызмат көрсөтүү тесттик режимде жана 3 сервис электрондук форматта иштеп жатат.

Балдарды толук каттоого алуу, билим алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, ошондой эле балдарды бакчага киргизүүдөгү коррупциялык схемаларды азайтуу жана мектептерде «Мектепке электрондук каттоо», «Мектепке чейин билим берүү уюмдарына электрондук кезек» долбоорлору иштеп жатат.

Соттук-укуктук реформаны тажрыйбалык ишке ашыруу, анын ичинде заманбап техникалык каражаттарды киргизүү жана жабдуу үчүн Өкмөт тарабынан республикалык бюджеттен 2018-жылы 597 137 миң сом бөлүнгөн жана 2019-жылга каралган акчанын 744 млн 127 миң сомун каржылоо жүрүп жатат.

«Коррупция менен күрөшүү саясатында мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулук принцибин камсыз кылуу жана коррупцияга каршы туруу, алдын алуу боюнча маселеде жарандык коом менен тыгыз кызматташууну күчөтүү Өкмөттүн негизги багыттарынан. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Ачык Өкмөткө» (OGP) өнөктөш болууда», - деп белгилеген Премьер-министр, Өкмөт коомдук институттар менен коомдогу бардык маселелерди биргеликте жана ачык анализдөөгө конструктивдүү диалогго даярдыгын кошумчалады.

Маселелерди жана тобокелчиликтерди анализдөөнүн негизинде Өкмөт мамлекеттик органдардагы коррупциянын кесепети менен күрөшүү эмес, комплекстүү профилактика жүргүзүү жана алдын алууга багытталган, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын 2019-2021-жылдарга карата иш-чаралардын Планынын долбоорун иштеп чыкты.

Антикоррупциялык кеңеште арыздарды кароодо жана жарандардын кайрылууларында, ошондой эле плансыз салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү маалындагы коррупциялык тобокелчиликтерге байланыштуу маселелер талкууланып, көрсөтүлгөн тобокелчилик менен маселелерди жокко чыгаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар сунуштар иштелип чыкты.

Өкмөт башчы Кеңештин мүчөлөрү менен Коррупцияга каршы саясаттагы актуалдуу маселелерди талкуулап, сунуштар жана эскертүүлөр болду.

Айтылган сунуштар ишке ашыруу маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антикоррупциялык кеңештин кийинки жыйынында каралат.

Пикир

Оставить комментарий