• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте кыздын уурдалып өлтүрүлүшү. Улукбек Марипов кайрылуу жасады

Өкмөт 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бишкекте кыздын уурдалып өлтүрүлүшү боюнча премьер-министр Улукбек Марипов кайрылуу жасады.

Улукбек Марипов никеге туруу максатында кыз ала качуу кылмыш экендигин белгиледи.

“Сөзсүз түрдө жазага тартылышы керек. Бул адамдын жеке жашоосуна кийгилишүү жана аны актоого негиз жок. Адам катары, эркек жана ата катары Айзаданын окуясын кайгы менен кабыл алдым. Бул биздин жалпы кайгыбыз”, - дейт ал.

Премьер маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, күнөөлүүлөрдүн бардыгы адилеттүү жазага тартыларын билдирди.

“Биргелешип иш алып баруу менен гана биз аялдардын негизги укуктарын басмырлоого каршы тура алабыз. Ала качуу – салт эмес, бул кылмыш болуп саналат жана өлкөбүздүн ар бир адамына муну жеткиришибиз керек”, - деди Марипов.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Пикир

Оставить комментарий