• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде куткаруучулар үйдө бекилип калган наристени куткарышты

Аймак 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринин эшиги бекилип калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, батирдин ичинде эки жаштагы наристе болгон. Окуя тууралуу билдирүү 12-апрелде түшкөн.

Жерине бир офицер жана эки куткаруучу барган. Алар бөбөктү аман-эсен куткарып, ата-энесине өткөрүп беришкен. Наристенин абалы жакшы.

Пикир

Оставить комментарий