• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бейшеналиев Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнө барды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министр төрөттөн кийинки жана кош бойлуу аялдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты.

Алымкадыр Бейшеналиев төрөт үйүн дары-дармек, материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздоо маселелери менен таанышып, бейтаптар менен баарлашты. Министр ошондой эле Ош шаардык клиникалык ооруканасы көрсөткөн лабораториялык кызматтары менен да таанышты.

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директору, Ош облусу боюнча саламаттык сактоо координатору Шаятбек Абдурахманов билдиргендей, алардын төрөт үйүндө жылына 11 миңге жакын төрөт катталат. Оорукананын материалдык-техникалык жабдылышы канааттандырарлык, керектүү дары-дармектер бар.

"Биз бардык негизги лабораториялык анализдерди жасайбыз. Биз өзүбүз жасай албаган лаборатордук изилдөөлөрдү Бонецкий лабораториясына жөнөтөбүз. Алар Саламаттык сактоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин алкагында 50% арзандатуу менен кызмат көрсөтүшөт", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий