• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташып бараткан жүк кармалды

Аймак 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Карбамид түрүндөгү минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташып бараткан жүк кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети.

Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, Баткен облусундагы чек ара конуштарынын аймагында кампалар ачылып, жалпы салмагы 27,8 тонна 550 каптан ашык карбамид түрүндөгү мыйзамсыз ташылган минералдык жер семирткичтердин жүгү кармалган.

Аталган факты боюнча 2023-жылдын 14-апрелинде жогорудагы башкармалыктын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий