• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 307 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 307 миң сом айып салынды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бир апта ичинде 37 мыйзам бузуу катталган.

"Тазалык жана тартипти сактабагандыгы үчүн Чимкентская, 37/1 дарегиндеги «Йыса чиркөөсү» жана Саратов кочөсү 10 дарегиндеги Чүй облустук ооруканасы КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Ушул эле берене боюнча мыйзам бузуу фактылары «Ала-Таш» ЖЧКсы, «Деңиз» ЖАКы, «Шерой» ЖЧКсы, «Делмар Групп» ЖЧКсы, «Ассорти» жана «Инжир» кафелери тарабынан да катталган.

Ал эми «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 179-берененин 1-бөлүмү менен мыйзамсыз түрдө жарнамалык түзүлүштөрдү орноткон", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, бир жуманын ичинде жалпы суммасы 307 миң сомду түзгөн 37 мыйзам бузуу катталган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам күн сайын өз аймагынын айланасында тазалыкты камсыздоосу керектигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий