• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте окуучулар арасында кичи футбол боюнча «Мектеп лигасы» өттү

Коом 0

Бишкек, 23.11.21./Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен биргеликте Октябрь районунда 6-7-класстын окуучулары арасында кичи футбол боюнча «Мектеп лигасын» өткөрдү.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара «Газпром Кыргызстан» мектебинин базасында өттү.

Мелдеш дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо жана өсүп келе жаткан муундун сергек жашоо образын калыптандыруу, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди, баңгизаттарды жана башка зыяндуу заттарды колдонуу сыяктуу адаттарды жоюу максатында өткөрүлдү.

«Балдар спорттук оюнга чоң кубаныч менен катышты. Оюнчулар энергияны жана жакшы маанайдын позитивдүү зарядын алышты, эң негизгиси жашоодо ден соолук экенин түшүнүштү», - деп айтылат маалыматта.

Турнирдин жыйынтыгында «мыкты дарбазачы», «мыкты чабуулчу», «мыкты коргоочу» жана «мыкты жарым коргоочу» номинациялары боюнча байгелүү орундарга ээ болгондорго кубок жана медалдар, ошондой эле ЕККУнун өнөктөштүгү менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий