• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Тоголок Молдо көчөсү футболго байланыштуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Бишкекте футбол боюнча “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдешинин алкагында Кыргызстан - Палестина оюну болот.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, оюнга байланыштуу Чүй жана Фрунзе көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсү мененки бөлүк саат 17:00дөн 23:00гө чейин жабык болот.

Белгилей кетсек, 2-7-сентябрь күндөрү Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан, Палестина, Бангладештин улуттук курамалардын катышуусунда “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдеши өтөт.

Пикир

Оставить комментарий