• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Жердеги жылдыздар” көргөзмөсү өтөт

Коом 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Эртең, 1-декабрь күнү Бишкекте Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Жердеги жылдыздар” көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өтөт.

Көргөзмөгө “Жаңыртуу” коомдук кайрымдуулук фонду менен “Явна” жана “Чексиз мүмкүнчүлүктөр мектеби” фондунун өзгөчө балдардын эмгектери (колго жасалган куурчактар, кийиз, кездеме, чопо жасалган жана башка эмгектер) коюлат. Көргөзмө инклюзивдик чыгармачылыкка арналган.

Көргөзмө эртең саат 15:00дө ачылып, 15-декабрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий