• 88.68
  • 95
  • 0.95

Борбордук Азиядагы сооданы жеңилдетүү боюнча GIZ долбоорунун координациялык кеңешмеси өттү

Экономика 0

Бишкек, 03.04.24./Кабар/. КР Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Искендер Асыкуловдун төрагалыгы алдында GIZтин “Борбордук Азиядагы соода процедураларын жөнөкөйлөтүү” долбоорунун координациялык кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө долбоордун 2020-2023-жылдарга карата иш-аракеттеринин жыйынтыктары, ошондой эле 2024-жылга сооданы жеңилдетүү жаатындагы долбоордун иш-аракеттеринин негизги багыттары сунушталды.

Жыйынга Кыргызстандагы Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана GIZтин “Борбор Азияда сооданы жеңилдетүү” долбоорунун менеджерлери катышты.


Маалымат үчүн:Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү” GIZ долбоору – бул Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда сооданы жеңилдетүү боюнча жардам көрсөтүүчү аймактык долбоор.

Пикир

Оставить комментарий