• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чу дарыясында балыктардын өлүмү катталды. Материалдар лабораторияга жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Чу дарыясында балыктардын массалык өлүмү катталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери жеринде балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүлөрүн алышты.

"Балыктын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык материалдар Республикалык ветеринардык лабораторияга тапшырылды. Жыйынтыгы 3 күндөн кийин белгилүү болот . Өлүмдүн себептери аныкталганга чейин аймактын тургундарын балык жегенден баш тартууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, балыктын өлүмү Төмөнкү Чүйдөн түшкөн каналдан байкалган.

Пикир

Оставить комментарий