• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чүйдө төрт айдан бери дайынсыз болгон 15 жаштагы өспүрүм табылды

Коом 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Чүй облустук милициясынын кызматкерлери төрт айдан бери дайынсыз болгон 15 жаштагы Адилет Данияровдун жүргөн жерин аныкташты.

Милициянын маалыматы боюнча, Адилет Данияров ата-энесине аман-эсен өткөрүлүп берилди.

“Өспүрүм төрт ай аралыгында Таластагы алыскы тааныштарында мал кайтарып жүргөн”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Адилет Данияров 2021-жылдын 20-февралында Кум-Арык айылындагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз жоголгон.

Пикир

Оставить комментарий