• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

“Чыгышэлектр” ишканасы шайлоо күнүндө күчөтүлгөн тартипте иштейт

Коом 0

Бишкек,11.10.17./Кабар/. КР президенттигине шайлоо күнү жарык менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында “Чыгышэлектр” ААКтын 650 кызматкери тартылат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ишкананын администрациясынын айтымы боюнча ыкчам-жумушчу топтор түзүлгөн.

“Ысык-Көл жана Нарын облустарынын бардык шайлоо тилкелеринде кезметчи электр оңдоочулар турат. Бардыгы болуп 54 ыкчам-мобилдик топ жана 680 электр оңдоочу кезметте турат. Шайлоо тилкелериндеги жабдыктардын техникалык абалы текшерилди. Тилкелерде авариялык учурлар пайда болсо, анда атайын кошумча электр жабдыктарын алып койгонбуз (генератор)”,-деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, “Чыгышэлектр” ишканасынын тейлөө аймагында бардыгы болуп 414 шайлоо тилкеси бар, анын ичинде Ысык-Көл облусунда 235 ал эми Нарын облусу боюнча 179.

Пикир

Оставить комментарий