• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Дагы бир лицензия! Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Олимпиада оюндарына катышат

Спорт 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Эркин күрөш боюнча Кыргызстан курама командасынын спортчусу Эрназар Акматалиев Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Казакстандын Алматы шаарында 9-11-апрелде Олимпиада оюндарына лицензия бере турган квалификациялык мелдеш өтүүдө.

Акматалиев 65 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан тарта катышууда. Ал түркмөнстандык, өзбекстандык балбанды жеңип финалга чыккандыгы үчүн Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Белгилей кетсек, аталган мелдештин финалына чыккандыгы үчүн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг), Айпери Медет кызы (78 кг) жана Мээрим Жуманазарова (68 кг) 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган.

Эскерте кетсек, буга чейин Олимпиада оюндарына Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (күрөш), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү) лицензия алган.

Пикир

Оставить комментарий