• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Текебаев Берлинде энергетика боюнча эл аралык конференцияга катышууда

Коом 0

Бишкек, 29.03.23./Кабар/. 28-29-мартта Берлинде "Берлин энергетикалык өткөөл диалогу" эл аралык конференциясы өтүүдө.

КР ТИМден билдиришкендей, конференцияга Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышууда. Конференция 60тан ашык өлкөнүн энергетика министрлери, тышкы иштер министрлери, ошондой эле ар кандай уюмдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин башын бириктирди.

Конференциянын ачылуу аземине катышкан Германиянын тышкы иштер боюнча федералдык министри Анналена Барбок өз сөзүндө, климаттык кризис менен күрөшүү жана экономикалык өнүгүү үчүн зарыл болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарына массалык түрдө өтүү зарылдыгын белгиледи.

Конференцияда энергетика маселелери боюнча панелдик талкуулар да өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий