• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Өлкөдө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатуу каналына бөгөт коюлду

Укук тартиби 0


Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө болгон баңгизаттарды сатуу каналына бөгөт коюлду.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Исфана унаа жолунун Баткен шаарына кире беришинде А.Ж. аттуу 42 жаштагы жаран башкарган "Опель Зафира" үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, андан сары скотч менен оролгон 13 брикет табылган, алардын жалпы салмагы 13 килограммдан ашкан.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, унаадан алынган зат афган тектүү кара куурай чайыры (гашиш) болуп саналат, анын таңгагы менен жалпы салмагы 13 кг болгон.

А.Ж. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык кылмыш жасады деген шек менен кармалып, баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалды.

Учурда кармалган адамдын трансулуттук уюшкан кылмыштуу топко, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий