• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда ири өлчөмдө баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды - ИИМ

Укук тартиби 0


Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда ири өлчөмдө баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өлкөбүздүн аймагында баңгизаттын ири өлчөмдө оор түрлөрүн сатуу менен алектенген уюшулган туруктуу топ аныкталып, кармалды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 13-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында атайын ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүргүзүлүп, Д.М. аттуу жарандан таза салмагы 1,142 гр "гашиш" алынган.

Ошондой эле 2022-жылдын 16-февралында жогоруда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында атайын ыкчам-иликтөө иш-чарасы жүргүзүлуп, М.Д. аттуу жарандан таза салмагы 99,69 гр "гашиш" алынган.

Бул факты боюнча 2022-жылдын 21-февралында Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, 2022-жылдын 21-февраль күнү БМЖКККнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жана Жалал-Абад ИИБнын атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Д.М. жана А.Т. аттуу жарандар баңгизаттарын сатып жаткан учурда кармалышып, текшерген учурда целлофан пакетине салынган эки даана скотч менен тангакталган заттар, биринчи таңгактын ичинен таза салмагы 842,2 гр "апийим" баңгизаты, экинчисинен таза салмагы 708,2 гр "гашиш" далил буюм катары алынган.

Ошол эле күнү Д.М. аттуу жарандын жашаган дарегинде шашылыш тинтүү жүргүзүлүп, сарайдын текчесинде түссүз скотч менен оролгон тангак табылып, ичинен таза салмагы 98,2 гр "апийим" баңги заты алынган.

Далил буюм катары алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 1 кг 751,508 граммды түзгөн, анын ичинен "апийим" - 942,188 грамм, "гашиш" - 809,32 грамм.

Учурда БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул кылмыштарга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий