• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат

Коом 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

"Шумкар" АБПнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, пандемияга байланыштуу жарандардын өмүрүн, саламаттыгын сактоо, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоодо ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Ошондой эле коронавирус илдетин алдын алуу боюнча ар тараптуу чаралар көрүлүүдө. Ал эми ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлерине нускамалар өткөрүлүп, кызматкерлер фельдшерлердин текшерүүсүнөн өтүп, коргонуучу жеке каражаттар менен камсыз болушкан.

Пикир

Оставить комментарий