• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Сууда дайынсыз жоголгон 22 жаштагы кыздын сөөгү талаадан табылды

Кырсык 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Кара-Суу районунда 22 жаштагы кыздын сөөгү талаадан табылганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде саат 10:00дөр чамасында Кара-Суу районунун эгин талаасынан кыздын сөөгү табылгандыгы боюнча Ош облустук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн.

Аталган окуя Ош облустук милициянын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон кыз Алай районунун 22 жаштагы М.к.А., аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Маркумдун жакын туугандарынын айтуусу боюнча, ал 14-апрелде жолдошунан ата-энесинин үйүнө келген. Ошол эле күнү ал дайынсыз жоголгон. Маркумдун дайынсыз жоголгондугу боюнча анын жакын туугандары милицияга арыз менен кайрылган эмес.

Текшерүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий